Украин армиясы Херсон шаарын орус армиясынын курчоосунан бошотту

Украин армиясы орустар басып алган Херсон шаарын курчоодон бошотту. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул күндү «тарыхый күн» деп атап, шаардагы орусиялыктарды багынып берүүгө чакырды.

«Херсондуктар күткөн. Эч качан Украинадан баш тартышкан эмес. Укринага артылган ишеним ар дайым акталат — жана Украина өзүнө тиешелүү нерсени сөзсүз кайтарып алат», — деди Зеленский.

Украин бийлиги шаарды миналардан тазалоо иши жакында башталарын эскертти, андыктан Херсонго азырынча ЖМК өкүлдөрү киргизилбейт. Ошондой эле, Днепр аркылуу өткөн Антоновский көпүрөсүнүн бузулганы да айтылууда.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги Днепрдин сол жээгине 30 миңден ашык жоокер жана беш миң бронетехника «жөнөтүлгөнүн» кабарлады.

Украинанын Херсон шаары — 24-февралдагы толук масштабдуу кол салуу башталгандан бери орус аскерлери басып алууга жетишкен Херсон облусунун аймактык борбору. Шаар сегиз айдан ашык убакыттан бери курчоодо болчу.

Украинанын дагы эки аймактык борбору — Донецк менен Луганск 2014-жылы Орусия Украинанын аймагында согуштук аракеттерди баштап, чыгышта «Донецк Элдик Республикасы» жана «Луганск Элдик Республикасын» түзгөндөн бери орус аскерлердин көзөмөлүндө. Ошондой эле, Орусия 2014-жылы Крымды зомбулук менен өзүнө каратып алган.

2022-жылы толук масштабдуу кол салуу башталгандан кийин, Евробиримдик, АКШ жана алардын бир катар союздаштары Орусиянын экономикасына сокку урган бир нече санкцияларды кабыл алган. Баскынчылыкты колдобогон чет элдик компаниялар да Орусиядан кетүүнү чечишкен.

Кол салуу башталгандан берки 10 ай ичинде Орусиянын бийлиги канча аскеринен айрылганы тууралуу кеңири маалымат жарыялаган жок. Сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус армиясы 5 937 жоокерин жоготконун расмий түрдө жарыялаган. Бирок, реалдуу сандар андан алда канча көп болушу мүмкүн.Ал эми Украинанын Башкы штабынын маалыматына ылайык, басып алуу учурунда 77 миңге жакын орус жоокери набыт болгон.

Сентябрь айындагы маалыматка ылайык, бастырып кирүү учурунда Украинанын 9 миңдей жоокер каза болгон.