«Рактан кийинки жашоо». Илдетти жеңген айымдар тууралуу документалдуу тасма

«Рактан кийинки жашоо» — бул рак илдети тууралуу фильм, бирок анда өлүмдөр тууралуу сөз болбойт. Фильмдин башкы каарманы Шайыр Сагынбаева илдетти жеңип, өзүнө башкаларга тирек болом деп сөз берген: «Дарыланууга акчанын жогунан адамдар көз жумушун каалабайм» — дейт ал, тигүүчү машинесин бурап. Интервью берип жатып да Шайыр ишинен алагды болгон жок, анткени жаңы жашоосунда ал убакытты текке кетирбейт.

Эми ал аты жок көчөдөгү чакан чеберканасында башкалардын өмүрү үчүн күрөшүп жатат. Таң аткандан кеч киргенге чейин өзү жана кол алдындагы кыздары тикмечилик менен алек: баштыктан тартып балдардын чапанына чейин тигишет. Булардын баары сатылат, дарыланууга акча керек — ар бир минута саналуу.

Жайында, ушул фильм тартылып атканда Шайыр майрамдык концерт берүүнү кыялданган. Ракты башынан өткөргөн, башкалардын ден соолугу үчүн күрөшүп жаткан аялдар тууралуу башкалар дагы билишсе деп самаган. Күзүндө анын кыялы орундалды.

Онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптардын «Жашоо үчүн бирге» чеберканасы «Бакыт өнөрканасы» клубу менен биргеликте 13-ноябрда Спорт ордосунда кайрымдуулук концертин уюштуруп жатышат. Билеттерди сатуудан түшкөн каражаттын баары онкологиялык илдетке чалдыккан аялдардын дарылануусуна жумшалат.

Билет баасы 500 сом. Байланыш үчүн (0700655516 Шайыр эже, 0707279988 вотсап Айгүл).

Ошондой эле аялдар тиккен буюмдарды jashoo.org сайты аркылуу сатып алып, же түз эле О! Деньги 0707279988 Айгүл Кыдырмышеванын номерине акча которуп жардам берсе болот

Тасманын авторлору: Александра Титова, Кайрат Замирбеков