Бир кадр менен: УКМК бюджетке дээрлик 3 млн доллар контрабандалык каражатты конфискациялады

УКМК Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен киргизүүгө аракет кылынган 2 млн 750 миң доллар акчаны мамлекеттин кирешесине конфискациялоого жардам берди. Бул тууралуу 14-ноябрда мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, 15-октябрда Баткен облусунун Кара-Бак айылынын аймагынан буга чейин «Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү» беренеси менен соттолгон Кыргызстандын жараны кармалган.

Тинтүү учурунда шектүүнүн унаасынын багажынан коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алып келинген 6 брикет желим баштыктарга скотч менен оролгон 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган.

Конфискацияланган $2 млн 750 миң. Сүрөт: УКМК.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, экономикалык аткезчиликке тиешеси бар адамдар кармалган.

10-ноябрда Баткен райондук соту алты кишини «Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган экономикалык контрабандага» күнөөлүү деп тапкан. Алардын ар бирине 150 000 миң сомдон айып салынып, 2 миллион 750 миң АКШ доллары (227 миллион 186 миң 850 сом) мамлекеттин кирешесине конфискацияланган.