Эксперт эмне үчүн Кыргызстан БУУда Украинага репарациялар боюнча добуш бербегенин айтты

Кыргызстан Орусиядан көз каранды болгондуктан БУУда Орусияны Украинага репарация төлөтүү боюнча резолюция кабыл алууда добуш берүүдөн карманды. Ал эми Беларустай болуп репарацияга каршы боло алган да жок, себеби Батыш тараптын кезектеги санкцияларына кабылып калуудан чочулайт. Мындай пикирин «Клоопко» курган маегинде Борбор Азия жана Кытай боюнча эксперт Темир Умаров билдирди.

15-ноябрда БУУнун Башкы ассамблеясы резолюция кабыл алды, ага ылайык, Орусия Украинадагы согушу үчүн финансылык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Репарация төлөтүү үчүн 93 мамлекет, анын ичинде АКШ жана бардык ЕБ өлкөлөрү макулдугун берип, 13 өлкө (анын ичинде Орусия, Кытай, Иран жана Беларус) каршы добуш берди, дагы 74 мамлекет (анын Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан) добуш берүүдөн карманган.

Умаровдун айтымында, Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле бейтарап калууга аракет кылып жатат.

Темир Умаров.

«Бир жагынан Орусиядан көз каранды экени жол бербейт, дагы бир жагынан дүйнөлүк коомчулуктун айыптоосу жана кайталануучу санкциялар турат. Анын үстүнө БУУда добуш берүү көп деле нерсени чечпейт, ошондуктан бул көбүнесе көптөгөн өлкөлөр тарабынан реалдуу бир өзгөрүүлөр үчүн эмес, позициясын көрсөтүү үчүн колдонулат», — дейт эксперт.

Украинадагы согуш дээрлик 9 айдан бери жүрүп жатат. Орусия Украинага ири алкактуу кол салуусун 24 февралда баштап, аны Украинаны «демилитаризация» жана «денацификация» деп түшүндүргөн. БУУнун 7-ноябрга карата маалыматына ылайык, согуштан улам Украинада 6 490 жай тургун курман болду. Дагы 10 миңдей адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Бирок уюмдагылар жабыркап жана курман болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилешет.

Орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна жооп кылып бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга карата каттал экономикалык санкцияларды салышкан. Бул Орусияны санкция алдында калган өлкөлөрдүн сап башына чыгарган. Андан тышкары, өлкөлөр орусиялык аткаминерлерге, олигарх жана бизнесмендерге карата жеке санкцияларды да киргизишүүдө.