Айжигитов: №42 протокол Баткен облусунун жарымын жоготуп алуу коркучунуна кептейт

Депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деп билдирди.

Депутат билдирүүсүн №42 протоколго кол коюлган шартта жасады, ага ылайык, эки өлкө тең тарабынан «дайыма жаңжалга алып келген» чек ара постторун алышкан.

Эл өкүлү буга чейин Кыргызстан Ворух анклавы менен Тажикстандын ортосундагы тилкеге эки чек ара посттун койгонун эске салды. Анын бири, депутаттын айтымында, 2019-жылы, экинчиси — эки өлкөнүн УКМК башчылары акыркы кол койгон протоколдон кийин алынган.

Парламент депутаты Тажикстан жана Ворухтун ортосундагы жерден «Дача» постун алып салуу чечими Баткен облусунун жарымын анклавга айлантуу, жарымын жоготуп алуу коркучунуна кептейт деп эсептейт.

Депутат «Тамдык» жана «Булак-Башы» чек ара заставаларын Кыргызстандын токтойлору менен жайынттары коргоп келгенин кошумчалады. Эми болсо аталган жерлер кол салуудан корголбой калган.

Айжигитов «Катта-Туз» чек ара заставасы нефть жага көгүлтүр отун бар аймактарды коргоп келгенин дагы белгиледи. Эми алар да кол салуу коркунучунда турат.

«Посттордун баары алынды. Ошол посттор азыркы аскердик согуштардын булагы имиш. Кайра эгер аларды [постторду] алып сала турган болсок, булагы жоголуп тынчтык өкүм сүрөт ишим. Бул жерден катуу адашып жатабыз. Ушунчалык үстүртөн алынган, жөнөкөй жана колдонулуп келген анализ. А чындыгында кагылышуулардын булагы башка жакта. Бул Тажикстандын бийлигинин расмий саясатында болуп жатат», — деп билдирди депутат.

Эл өкүлү чек арадагы жаңжалды токтотуу жана анын жана анын кесепеттери тууралуу протокол тынчтык алып келбейт деп эсептейт. Мындан тышкары, Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча бардык протоколдор Тажикстан тараптын аскерий агрессия кылуу коркутуусу менен кол коюлган болушу мүмкүн деп болжоду.

Жаңжалды токтотуу тууралуу протокол

25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстан чек арада жаңжалын токтотуу жана анын кесепепттери жөнүндөгү протоколго кол коюшкан. Документке 14-17-сентябрда чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин кол коюлган.

Протоколго ылайык, эки тарап тең «дайыма жаңжалга алып келген» төрттөн чек ара постторун алышкан.

Алсак, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин айтымында, кыргыз тарап «Тамдык» заставасын, «Булак-Башы», «Катта-Туз» жана «Дача» постторун толугу менен алып консервация кылат. Тажик тараптан тарап өз кезегинде «Бедак» заставасын, «Кех», «Каракчикум» жана «Шаршене» постторун алат.

Кийинчирээк, УКМКнын басма сөз кызматы кабыл алынган протокол убактылуу экенин, ал кыргыз-тажик чек арасындагы демаркация жана делимитация процесстери толук аяктаганда күчүндө болорун түшүндүргөн. Ал эми протоколдо айтылган тилкелерде, комитеттен белгилешкендей, эки өлкөнүн мобилдүү чек ара отряддары кайтаруу ишин камсыздап жатышат.

Чек ара постторун алып алуу чечими коомчулукта чоң резонанс жаратып, Ташиевдин дарегине сындарды күчөткөн. Анткен менен УКМКнын башчысы протоколго кол койгонго чейин чек арага жакын Ак-Сай айылынын тургундары менен акылдашып, «элдин бардык талабы аткарылды» деп ишендирген.

Баткен облусунун чек арага жакын райондорунун жашоочулары эки күн катары митингге чыгып, кол коюлган протоколдорду жокко чыгарууну талап кылышкан.