Айдарбеков: Кыргызстандын Кемпир-Абад суу сактагычын пайдалануу укугу кыйла чектелген

Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети 16-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды.

Документтерди талкуулоо учурунда депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын суу сактагычты пайдаланууда укугу «кыйла чектелип калганын» айтты. Көп өтпөй эле добуш учурунда депутат чечимге каршылыгын билдирүү иретинде жыйындан чыгып кетти.

«Бизге маалымат берилген [Кемпир-Абад суу сактагычын] 50/50 кылып башкарабыз деп, бул чоң жетишкендик деп. Карап көрсөк өзбек тарап суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, эксплуатациялайт, техникалык жактан тейлейт, бүт баарын өзбек тарап өткөрөт. Андан кийин,2-беренеде өзбек тарап биргелешкен комиссияны кыргыз бөлүгүнүн өкүлдөрүн суу сактагычтын гидротехникалык курулмаларын инсандыгын тастыктаган документин, паспортун көрсөтүү жана текшерүүдөн өткөрүү менен ыкчам кирүүсүн камсыздайт. Бул эмне деген кемсинтүүчү шарттар? Эмнеге өзбек тарап бизге чектөөлөрдү коюп атат?» — деп суроо салды эл өкүлү.

Ал эми Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстарын башкаруу кызматынын башчысы Алмазбек Сокеев депутат Айдарбековдун айткандарын тастыктады.

«Биз чек арадан өтүшүбүз керек, чек ара өтмөгүндөгү көзөмөл болот. Биздин комиссия өтөт. Суу сактагычка келгенде биз паспортту эле көрсөтөбүз, жанагы “досмотр” эмес, жанагы металл текшергичтен эле өтөбүз, болду. Анын ичине киргенден кийин биздин жумушчу топ [ал жерде канча убакыт болорун] кат менен же SMS же WhatsApp билдирүү менен эле жөнөтүп койсок болот. [...] Дайыма ошол жерде иштөөчү эки киши деп атабыз, эки киши ошол жерде дайыма болот, суу сактагычтын ичинде. Бүгүнкү күнгө чейин биз суу сактагычка кире албайбыз, уруксатыбыз да жок. Биз бул жактан сууну дагы көзөмөлгө ала албайбыз. Ушул келишим менен биз ал жакка толугу менен кирип, укугубуз болот бул жакта», — деп белгиледи ал.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абадды башкаруу боючна биргелешкен комиссия түзөрү айтылган. Комиссияда 24 мүчө болот — ар бир тараптан 12ден киши. Кыргызстан тараптан аталган комиссиянын мүчөлөрүн Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстарын башкаруу кызматынын директору, ал эми Өзбекстан тараптан — Суу чарба министри жетектейт.

Парламенттин профилдик комитетинин кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну жактырганы сунуштама мүнөзгө ээ. Макулдашуулар маселеси боюнча акыркы чечим Жогорку Кеңеште кабыл алынат — депутаттар аталган документтерди ратификациялоо керекпи же жокпу чечишет.

Ал арада, 14-ноябрда, Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы Кыргызстан менен чек ара боюнча макулдашууну жактырганы маалым болгон.

Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштар

«Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндө келишимдин» долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн утуштуу деп айтышууда.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгып жатышат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолуп жатат — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.

Жалпылап айтканда талкууланып жаткан документтерге байланыштуу суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүн да жана өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик 30 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

Жапаров активист жана саясатчылардын массалык кармалышына комментарий берип жатып, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбай турганын» айткан. Президент алар суу сактагыч маселесин бийликке келүү үчүн пайдаланып жатышат деген.