Бишкектеги кинофестиваль: Беларустагы шайлоо, Украинадагы согуш тасмаларын көрсөтүүгө тыюу салынды

Адам укуктары тууралуу жыл сайын өтүүчү «Бир Дүйнө — Кыргызстан» даректүү тасмалардын эл аралык кинофестивалында эки тасманы көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу «Клоопко» фестивалдын уюштуруучуларынын бири, «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди.

Сынактын программасына ар башка өлкөнүн 22 даректүү тасмасы көрсөтүлгөн. Тасмалар 14-18-ноябрь күндөрү «Бродвей» кинотеатрында көрсөтүлүп жатат.

Исмаилова көрүүчүлөр кинотеатрдын залына чогулуп калган кезде, механик эки тасманы көрсөтүүдөн баш тартканын айтты.

«Көрсөтпөй коюшкан биринчи фильм “Мара” деп аталат. Ал Беларустагы шайлоо жөнүндө. Тасмада 2020-жылы өзгөрүүлөр болот деп үмүттөнүп, бирок акыры баары жапырт кармоолор менен аяктады деп өкүнгөн шайлоочулардын баяндарын айтылат. Экинчиси “Бул эч качан токтобогон жамгыр” деген тасма. Анда Сириядан Украинага качып, аткылоого кабылган 20 жаштагы Андрейдин окуясы баяндалат. Коопсуз, бейпил жашоо курам деп Украинага келсе согуш башталып кеткен. Андрейдин окуясы согуш келечекти кантип талкалап салары жөнүндө, — деди Исмаиова.

Анын айтымында, фестивалдын уюштуруучулары келишимге кол коюп, кинотеатрдын ижара акысын төлөгөндүктөн кинотеатрдын директору тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салганга укугу жок болчу.

«Кинотеатрдын директору Маданият министрлигин алдында “Кыргыз тасма” (“Кыргыз тасма” Маданият министрлигинин кинематография департаментинин алдындагы мамлекеттик мекеме. Ал прокатка уруксат берет — редакциянын белгилөөсү) конторасы бар дейт. Ал цензура менен алектенет. Мага 37-жыл жыттанып жатат. Көрсө, чыгармачыл адамдар цензурадан өтүшү керек экен. Директор ошол жактан [Кыргыз тасмасынан] Перизат деген кыз чалып, көрсөтүүгө тыюу салгыла деп айткан дейт. Ал эми кечээ ошол кызматтан эки киши келип, тасмаларды көрсөтүүдөн алгыла деп айтышты. Чыңгыз деген бирөөнүн номерин беришти, ал күч кызматкери экен. Биз ага чалсак, эч нерсени билбейм деди», — деп окуянын чоо-жайын айтты Исмаилова.

Укук коргоочу фестивалга келген көрүүчүлөргө моралдык жана психологиялык зыян келтирилгени үчүн фестивалдын уюштуруучулары кинотеатрдын директору менен соттошорун белгиледи.

Анын айтымында, учурда башка тасмалар көрсөтүлүп жатат.