Активист Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин камакта калтырылды

Активист Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин Бишкектин ТИЗО-1де калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Алсак, адвокаттын апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылды.

Шаменов экс-депутат Орозайым Нарматова менен чогу Москвада кармалып, 28-октябрда Бишкекке алынып келинген. Алар «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп айыпталышууда.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Шаменов менен Нарматова активисттер менен саясатчылар жапырт камакка алынгандан кийин кармалган, кармалгандардын көбү Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү планын сындап, объектти коргоо комитетин түзүшкөн болчу.

Саясатчылар менен активисттерди тинтүү жана кармоо 23-октябрда болгон. Ошол эле күнү 20дан ашык адам кармалган. Алардын баары «массалык башаламандык уюуштурууга даярдык көргөн» деп айыпталып жатат.

25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалгандардын дээрлик бардыгын эки айга камакка алган, кийин шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.

Мындан тышкары УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды «чагымчылар», мамлекетке туруксуздукту алып келебиз, мамлекетте ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз дегендер» деп атады.

«Эркин пикирин билдиргендер эмес, провакаторлор, мамлекетке дестабилдүүлүктү алып келебиз, мамлекетте дагы ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз [дегендер]. Дал ушул мыйзамдын негизинде ызы-чуу чыгарабыз дегендердин тамырын кыркып жатабыз. Мындан ары да кыркабыз. Бул биздин, мамлекеттик кызматта отурган адамдын милдети. Мен УКМКнын жетекчиси катары, мамлекетте тополоң кылбоону, тынчтыкты сактоону, стабилдүүлүктү кармап турууга милдеттүүмүн. Мен милдетимди так аткарам», — деген Ташиев.