Ош шаарында алгачкы шахмат залы ачылды

Ош шаарында алгачкы жолу шахмат залы ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, зал калаадагы Алишер Навои сейил багында жайгашкан. Ал 60 орунга ылайыкташып, жалпы аянты 180 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык тиешелүү шарттар, ажаткана, кондиционер бар.

Шахмат залынын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышкан, шахмат сүйүүчүлөр түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришкен.