Талас: Тойдон кийинки жапырт мушташтын кесепетинен бир киши ооруканага түштү

Талас шаарындагы массалык мушташтын кесепетинен 24 жаштагы жигит ооруканага түштү. Бул маалыматты «Клоопко» Талас ОИИБдин басма сөз кызматы 18-ноябрда тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 13-ноябрь түнкү саат 00:40 чамасында Оторбаев көчөсүндөгү Алтын-Казык соода борборунда болгон. Милиция кызматкерлери мушташ пикир келишпестиктен улам келип чыкканын аныктап, жети кишини милиция бөлүмүнө алып барышкан.

«Текшерүү учурунда алар тойдон чыкканы жана мас абалда экени аныкталган. Наркологиялык бөлүм алардын спирт ичимдигин ичкенин тастыктаган. Окуяга байланыштуу Талас шаарынын 24 жаштагы тургуну травматология бөлүмүнө түшкөн», — деп белгилешти милициядан.

Мушташтын видеосу соцтүйүндөгү барактарга жарыяланды. Анда 7-8 киши алгач көчөдө андан соң соода борбордун ичинде жулмалашып, тепкилешип жатканын көрүүгө болот.

Эскертүү! Видеодо психикага таасир этиши мүмкүн болгон кадрлар жана сөгүнгөн сөздөр бар!

Талас ОИИБден окуяга катыштыгы бар кишилер жана соода борбордун администрациясы арыз жазуудан баш тартканын айтышты. Бирок, бул окуяга милициянын тергөө бөлүмү териштирүүдөн соң баа берет деп ишендирди.

Үстүбүздөгү жылдын жайында Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы «Радуга» пансионатында массалык мушташ болгон. Күбөлөрдүн айтымында, пансионаттын короосуна кирген жергиликтүү тургундар менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан.

Бул боюнча жалпы 18 киши кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилип, «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тема боюнча:

Ысык-Көлдөгү «Радуга» пансионатындагы массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду