Бишкек: Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды

Канат Исаев

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Исаев 23-октябрда кармалып, 23-ноябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген болчу. Кармалгандан бир күн мурда Исаев Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине мүчө болуп кирген.

Соттон экс-депутаттын 2018-жылдын 1-октябрынан бери эч кайда кетпөө тил каты бар экенин билдиришкен.

Бирок Исаевге карата козголгон кылмыш иши жашыруун гриф экенине таянып кеңири маалымат беришкен эмес.

Мурдагы депутаттын туугандарынын айтымында, 23-октябрь күнү аны УКМКга суракка чакырып, бир нече сааттан кийин кармап кетишкен.

Сөз 2017-жылы козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатат. Анда УКМКнын кызматкерлери Исаевди «бийликти күч менен басып алууга» даярдык көрүүгө шектеп кармашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жашыруун». Канат Исаевдин туугандары жана журналисттер сот залына киргизилген жок

Канат Исаев 2017-жылы козголгон иштен улам камакка алынганы айтылды