Соттолгондорду же соттуулугу бар адамдарды мамкызматка алууга тыюу салуу сунушталууда

Өлкөдө «терс негиздер боюнча мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын» реестрин түзүү сунушталды. Тизмеде болуу мамлекеттик мамлекеттик кызматка кабыл алуудан баш тартууга негиз болот.

18-ноябрда коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорун Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик демилгелеген. Документте «терс негиздер» боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестрин түзүү сунушталат — аларга кайрадан мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынат. Конкреттүү кандай негиздер тууралуу сөз болуп жатканы документте айтылган эмес.

Ошондой эле документте коррупция же мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген башка кылмыштар боюнча соттолгон же соттуулугу бар адамдарга соттуулугу жоюлганына же жоюлбаганына карабастан мамлекеттик кызматка келүүгө тыюу салуу сунушталган.

Эл аралык Transparency International уюму жыл сайын жарыялап турган 2021-жылга карата коррупцияны кабылдоонун глобалдык индексине ылайык, Кыргызсатан 180 өлкөнүн ичинен 144-орунду ээлеген. Өлкө максималдуу 100 баллдын ичинен 27 балл алган.

Демек, Кыргызстан 2020-жылга салыштырмалуу 20 пунктка артка жылган. 2020-жылы өлкө 124-орунда турган.