Бишкекте аялды бычактап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Сүрөт: Октябрь РИИБи

Бишкек шаарында аялды бычактап өлтүрүүгө шектүү катары 20 жаштагы киши кармалып, ТИЗО-1ге 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 5-ноябрда саат 17:10 чамасында Бишкек ШИИБге Ботаникалык бактын аймагынан аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ыкчам тергөө кызматкерлери окуя болгон жерден бычак менен жараланган болжолдуу 50-60 жаштагы аялдын сөөгүн табышкан.

Аталган факт боюнча Октябрь РИИБге катталып, «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 20 жаштагы жаран кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен ТИЗО-1ге 2 айга камакка алынды.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.