Иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан учак менен алып кетишти

Болот Темиров

Иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан учак менен алып чыгып кетишти. Аны «Манас» аэропортунда жарандык формадагы бир нече кызматкер бажы көзөмөлүнө коштоп киришкен. Темиров Москва шаарына депортацияланышы мүмкүн деген маалымат бар.

Темировдун жактоочусу Баатыр Ботобеков «Клоопко» журналист менен сүйлөшүүгө үлгүрбөгөнүн, жактоочу катары ага «бул жерде жок» деп жалган маалымат беришкенин айтты.

«Негизи 10го чукул кызматкер лифт менен үчүнчү кабатка чыгарышты. Азыр биз учакта деп божомолдоп жатабыз, себеби кызматкерлер эч кимди өткөрбөй жатат. Ал тургай сүйлөшүп, баары жайында экенин көрүүгө [уруксат беришкен жок]. Кайсыл документ менен учуп жатканы белгисиз, анткени, Кыргызстандын паспорту жокко чыгарылды. Ал эми Орусиянын паспорту, мен билгенден, Темировдун жакындарында», — деди Ботобеков.

Аны менен катар жактоочу укук коргоо органдарынын журналистке документтерин, буюмдарын жыйнап алууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын түшүнүксүз деп эсептейт. Ошондой эле ал «Темировдун өлкөдөн адам сыяктуу учуп кетишине убакыт бегиле» деп өтүндү.

Бишкек шаардык соту Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алгандан кийин күч органдары аны сүйрөп алып чыгып кетишкен. Журналисттин кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон.

Кийинчерээк жактоочулардын айрымдары журналистти издеп Бишкектеги атайын абактарды карап, ал эми калгандары аэропортко барышкан. Жактоочу Баатыр Ботобеков «Клоопко» Темировду «күчкө салып жашырып жатышат» деп билдирген.

Анын айтымында, журналисттин «Манас» аэропортундагы милиция пунктунда болушу мүмкүн экени тууралуу кабар келип түшкөн. Бирок укук коргоо органынын кызматкерлери «Темировду эч ким алып келбегенин» айтышкан.

«Учурда Болот Темировдун кайда экени эң башкы суроо болуп [турат]. Биз бул аракетти “күчкө салып жашыруу” деп баалайбыз. Биз аны табуу үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Дагы бир чоң суроо, бийлик аны өлкөдөн чыгарууну кантип чечти? Анткени анын бардык паспорттору соттун чечими менен жокко чыгарылган. Биз түшүнбөй жатабыз жана муну негизсиз деп эсептейбиз. Эртең арыз жазууну пландап жатабыз», — деп билдирген жактоочу.

«Манас» аэропортундагы «Клооптун» кабарчысы Темировду 6-7 адам коштоп лифт аркылуу бажы көзөмөлүнө алып кеткенине күбө болгон.

Ал эми Темировду шаардык соттун имаратынан алып кеткен автоунаа «Манас» аэропортунун аймагында токтоп турганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ачыктан-ачык куугунтук. Медиа коомчулук Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу кайрылуу жасады