«Үйдө жасалган жашылча консерваларын жешкен». Кадамжайда салатка ууланган беш кишинин абалы оор

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Кадамжай районунда тамак-ашка ууланган беш киши оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, окуя 21-ноябрда жумуш ордунда түшкү тамактануу учурунда болгон. Анда алар үй шартында жасалган жашылча консервалары менен тамактанышкан.

«Жабыркагандардын баары жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, 3 жабырлануучунун абалы өтө оор деп бааланууда (жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат), экөөнүн абалы оор. Учурда бардык керектүү дарылануудан өтүшүүдө», — деп жазылган министрликтин маалыматында.

Turmush басылмасы жабыркагандар Кадамжай районунун Абдыкадыр Орозбеков айылындагы «Баластан» бала бакчасынын кызматкерлери болгонун жазып чыкты.

Анда кызматкерлердин бири үйүнөн алып келген салат менен тамактангандан кийин бала бакчанын кызматкерлери ооруканага кайрылганы айтылды. Басылманын маалыматына ылайык, бакчанын тарбиялануучулары салат жеген эмес.

«Турмуштун» кабарчылары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери уулануу болгон жердеги жана алып келген кызматкердин үйүндө салаттар жок кылынганын кошумчалашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 10 айында республика боюнча тамак-аштан уулануунун 100 учуру катталып, 437 адам жабыркаган. Мекемеден акыркы эки жумада эле ботулизм оорусунун оор түрү менен 2 учур катталып, 7 адам жабыркаганын белгилешти.