Акылбек Жапаров: Бир ууч адам демократияны бетине кармап алып мамлекетти талкалоого даяр

Акчалуу олигархтардын анча-мынча акчасына азгырылып, демократияны деген сөздү бетине кармаган, өзүн оппозициябыз деген бир ууч адам жасалма көшөгөнүн аркасында мамлекетти талкалоого даяр деп минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров биринчи Элдик Курултайда бийликке сын аткандарга мүнөздөмө берди.

Ал чек арадагы маселелерди чек арадагы ой-чуңкурду кыдырып көрбөгөн «ажаан аялдар менен тажаал эркектер чечпейт», адистер гана чечет, анткени такталбаган чекте «от алып кетүүчү конфликттик абал тез эле түзүлүп кетет» деп эсептейт.

«Акылга сыярлык негизде оюн билгизгендерге биз эч качан тыюу салбайбыз. Чек ара мселесинде бирде утулсак, бирде утушка ээ болобуз. Ошол эле учурда уттук же утулдук деген дагы болбойт. Эки элдин кызыкчылыгы гана болот [...]», — деди ал.

Жапаров бир ууч адам «чет өлкөдөн каржы алып Кыргызстанды талкалагысы келет» деп белгиледи.

«[…] Чет өлкөлүктөрдүн, олигархтардын анча-мынча акчасына азгырылып, демократия деген сөздү бетине кармаган, өзүн оппозициябыз деген бир ууч адам жасалма көшөгөнүн аркасында мамлекетти талкалоого даяр. Эскилиги жеткен имараттын ордуна жаңысын салабызбы, дарбазабыз 10 метр ары же бери жылабы аларга баары бир. Эптеп дүрбөлөң чыгаруу […] Же аларды карапайым элдин тагдыры кызыктырганын көрдүкпү? Жок. Элди бузганы мындан ары жетишет го деп ойлойбуз!» — деди ал.