Вице-мэр: Өзбекстан газ экспортун токтоткону Ошто азырынча сезиле элек

Өзбекстан газ жана электр энергиясын экспорттоону дээрлик толук токтотконун билдиргени менен өзбек газын жаккан Ош шаарында азырынча газ бар. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди. Бирок ал былтыр шаарда газ быйылкыга караганда жакшыраак берилгенин моюндады.

«Жок чектөө жок эч кандай. Болгону басымы түшкөндө бир аз чыкпай калып атат, керектөө көп болгон учурда. Бирок, Өзбекстан менен кайра сүйлөшүп, басымды көтөрүп атабыз», — деди ал.

Өзбекстан газ жана электр энергиясын экспорттоону дээрлик толугу менен токтоткону тууралуу өлкөнүн энергетика министринин орун басары Шерзод Ходжаев 16-ноябрда эле билдирген.

«Эгер күндүзгү божомол көрсөткүчтөр боюнча 100 млн метр куб газ экспорттоо пландалган болсо, азыркы экспорт 1 млн метр кубга да жетпейт», — деген ал.

Бул өлкөнүн ичиндеги муктаждыкты канааттандыруу үчүн тартыш болуп жатканы менен байланыштуу.

Кыргызстандын түштүк аймагы дээрлик толугу менен «Ходжаобад — Ош» түтүгү аркылуу өткөн өзбек газы менен камсыздалат.

Буга чейин «Газпром Кыргызстан» ишканасынын башкы директорунун орун басары Александр Гребенюк 24.kg басылмасына былтыр күзүндө жана кышында аталган газ түтүгүндө басым кескин түшүп кетип турганын айткан. Мындан улам, Гребенюктун айтымында, «Ошгаз» ишканасы керектөө жогорку чекке жеткен сааттарда газды көп кабаттуу үйлөргө жана бюджеттик уюмдарга да жеткирүү үчүн жер үйлөргө газ берүүнү чектөөгө аргасыз болгон.

«Негизинен 2-3 жылдан бери эле [газ] маселе жаратууда. [...]. Газдын басымы суук түшкөндө бир аз түшүп кетет. Анан Газпромдун балдары Өзбекстан менен сүйлөшүп, ал жакта заправкалар бар да, ошол заправкалар менен сүйлөшүп, ошол жакты жаап, Кыргызстанга басымды жакшы кылыш үчүн иш алып барып жатат. Бүгүнкү күндө анчалык деле коркунуч жок. Газ бүт Ош шаарынын райондорунда бар. Суук түшкөн күндөрү гана басымы түшкөнү байкалууда», — деди Сонунбек Жунусбаев.