«Президентти көзгө илбей». Курултайда Ташиевдин сөгүнгөнүнө баа берүү талабы айтылды

26-ноябрда Элдик Курултайда укук коргоочу Сапарбек Аргынбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин парламент жыйынында сөгүнгөнүнө баа берүү керектигин айтты.

«Кимдин апалары тирүү? Кимдин апалары болсо Жогорку Кеңеште “энеңди” деп сүйлөгөнүнө кандай баа бериш керек? Ал киши президентти көзгө илбей ошол сөздү айтып ийди. Ошол элдин трибунасы. Элге кайрала турган сөздү айтып ийди. Ошол дагы...», — деп сүйлөп жатканда убактысы бүтүп, сөзүн жыйынтыктабай калды.

Ал эми курултайдын катышуучулары кыйкырып, микрафонду күйгүзүүнү талап кылышты. Бирок жыйынга төрагалык кылып жаткан Кадыр Кошалиев эреже боюнча бир адамга үч мүнөттөн ашык убакыт берилбей турганын айтты.

Ташиевдин сөгүнгөнү

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Өмүрбек Бакиров менен тартыша кетип, аны трибунадан сөккөн. Жыйында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад боюнча келишим каралган.

Бакиров Ташиевге Кемпир-Абаддагы каналдын курулуш боюнча суроолорду берип, Керкидан суу сактагычы боюнча маселени чечүүдө «көп катачылыктар кеткенби» деп суроо узаткан. Бакиров менен Ташиев кайым айтышып, УКМКнын башчысы депутатка: «мен өткөндө эле айтканмын сизге ушул боюнча, жазып бериңиз дегенмин, арызыңызды жазыңыз, менин атыма» деген.

Андан соң Бакиров трибунага чыгып, сөз жеке ал тууралуу эмес, жер-суу жөнүндө болуп жатканын, ал эми «керек болсо мени бышырып жеңиз» деп айткан.

«Бышырып жегидей сиз эмне, кекиликсизби? Өзүң айтып жатпайсыңбы мени бышырып же деп. Ким сени бышырып жейм деп атат? [...] Эмнеге мени коркутасың? Эмнени убакыт көрсөтөт экен? Энеңди сигейин!» — деп сөзүн жыйынтыктаган Ташиев.

Андан кийин Бакиров Ташиев тарапка ылдый көздөй түшө баштаган. Анда анын жолун депутат Фархат Исмаилов тороп калган. Аларды курчап турган депутаттар арачалаган.

Кийинчерээк Бакиров Ташиев сөгүнгөнү менен «энелерди канчалык сыйлаарын көрсөтүп койду» деп айткан. Ал эртеси күнү Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылган.

Тема боюнча:

Ташиев менен айтыша кеткен Өмүрбек Бакиров Ак үйдөгү бөлмөсүнөн чыгарылды