Кыргызстанда кубаттуулугу 100 мегаватт күн электр станциясы курулат

Кыргызстан Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен кубаттуулугу 100 мегаватт күн электр станциясын курат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

IFC’нин Борбор Азия боюнча улук аймактык менжери Кассандара Колберт алардын уюму күн электростанциясын куруу жана жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) пилоттук долбоорун ишке ашырууга даяр экенин айтты.

«Бул долбоордо IFC Кыргызстанга энергетика сектору үчүн МЖӨ келишимин түзүүдө жана ишке ашырууда жардам берет», — деди Колберт.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов күн электр станциясын куруу өлкөдө «электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатып», өлкө экономикасынын өсүшүнө өбөлгө болот дейт.

Кыргыз бийлиги 2022-жылдын апрелинде Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1000 мегаватты түзгөн эки күн электр станциясын куруу боюнча кытайлык эки компания менен келишимге кол койгон. Ошол эле учурда кубаттуулугу 260 мегаватты түзгөн дагы бир күн электр станциясын куруу боюнча Испаниянын Ecoener энергетикалык компаниясы менен меморандум жетишилгени айтылган.

Күн электр станциялары — бул күндүн радиациясын электр энергиясына айландырган курулма болуп эсептелет. Мындай станциялар негизинен күн көп тийген жерлерге орнотурат. Мындан тышкары, күн электр станциялары, мисалга, ЖЭБге караганда электр энергиясын өндүрүүнүн таза ыкмасы катары да каралат.