Караколдо он жылдан бери аялына зомбулук көрсөткөн милиционерге карата иш токтотулду

Иллюстративдик сүрөт

Каракол шаарында он жылдан бери аялына зомбулук көрсөткөн милиционерге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден маалымдашты. Шектүү Түп РИИБдин кызматкери экени белгилүү болгон.

Милициядан буга чейин арыз жабырлануучу тарабынан август айынын аягында келип түшкөнүн билдиришти. Ал эми жабырлануучу тараптын өкүлдөрү кылмыш иши «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен козголушун талап кылышкан.

Аталган иш боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында «кийинки турмушуна жана эмгекке жарамдуулугун үзгүлтүккө учуратпаган» жеңил даражадагы ден соолукка запкы келтирилгени аныкталган.

Каракол шаардык соту айыпталуучуга карата кылмыш ишин токтотуп, ага 40 саатка коомдук жумуштарга тартуу өкүмүн чыгарган. Аны менен катар аялынын эжесин ур-токмокко алганы үчүн айыпталуучуга 20 миң сом айып салынган.

Кийинчерээк жабырлануучу жана анын жактоочулары кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен облустук прокуратурага кайрылышкан. Көзөмөл органы өтүнүчтү канааттандырып, тергөө иштерин кайра баштоо үчүн материалдар Каракол ШИИБге кайтарылганы белгилүү болгон.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБден «Клоопко» «жабырлануучу экспертизадан өтүүдөн баш тартканына байланыштуу жана ошондой эле денеге кандай даражада жаракат келтирилгени аныкталбагандыктан» кылмыш иши кыскартылганын билдиришти.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Аялын жана кайнагасын сабаган киши иниси менен үй камагына чыкты

Эмгек министрлиги зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизди