Бир ай мурун суракка алынган депутат Бакытбек Жетигенов шайлоого катышуудан баш тартты

Бакытбек Жетигенов

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышпоо тууралуу арыз берди. Бул тууралуу 25-октябрда БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Медина Кутбердиева маалымдады.

Жетигенов талапкерлигин №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан көрсөтүп, документтерин толугу менен тапшырган. Бирок ал эмне себептен шайлоого катышуудан баш тарткандын БШКдан ачыкташкан эмес.

Ал эми БШКнын мүчөлөрү Жетигеновдун арызын канааттандырып, аны катташкан жок.

Ошондой эле Боршайком бир мандаттуу округдардан талапкерлигин көрсөткөн 18 кишини шайлоого каттоодон баш тартты — алардын 17си шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес. Буга чейин БШК 14 кишинин талапкерлигин каттоодон баш тарткан.

«Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү» иши

Жетигенов бир катар депутаттар жана саясатчылар менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Ички иштер министрлигине сурак берип чыккан. Алар «Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алгакында суралган.

Тергөөнүн жүрүшүнө бир нече маданий ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон каты себеп болгон. Алар «айрым саясатчылар 17-сентябрда 100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүп, бийликти басып алууга камынып» жатканын билдиришкен.

Мындан сырткары, соцтармактарда «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деген аудио жазуу таратылган. Анда ыктымал Асанов менен «Толубай» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешмесинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Сурак маалында милиция Асанов жана Сарыбаевди кармап, алар камакка алынышкан. Көп өтпөй көз карандысыз эксперттер бул аудио жазуу монтаждалганын аныкташкан. Анткен менен ИИМ муну далил катары тануудан баш тарткан.

Сурак берген депутаттардын бири Жанар Акаев бул сурактын «шайлоо менен байланышы бар» деп билдирген. Ал эми президентке кайрылуу жолдогон маданий ишмерлер кат «бурмаланып калганын» айтышкан.