Super TV телеканалынын кабарчысын сабоого шектелген экинчи шектүү кармалды

Бактурсун Жоробеков

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду ур-токмокко алууга шектелген экинчи киши кармалды. Бул тууралуу 29-ноябрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы шектүү ТИЗО-1ге 18-декабрга чейин камакка алынды.

Буга чейин, шектүүлөрдүн биринчиси кармалып, ТИЗО-1ге бир айга камакка алынган.

Окуя кандай болгон?

26-октябрда Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду 4 белгисиз жаран сабап кеткен.

Маалыматка ылайык, окуя саат 23:30 чамасында болгон. Журналисттин айтымында, окуядан бир күн мурда редакциянын номерине белгисиз жаран аны издеп чалган. Ошондой эле буга чейин дагы чалуулар болуп, ал коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган.

Белгисиз адамдар журналисттин «Samsung Galaxy J2» үлгүсүндөгү телефонун жана 3500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алышып, качып кетишкен.

Аталган факты боюнча милиция «Тоноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жоробеков шектүүлөрдүн жакын туугандары кечирим сурап чалып жатышканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

SuperTV телеканалынын кабарчысын сабаган шектүүнүн бири кармалды

Бишкекте SuperTV’нын журналистин белгисиз адамдар сабап кетишти