Улуттук жазуучулар союзу карызын төлөө үчүн марафон өткөрөт

Жазуучулар үйү

Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу карызынан кутулуу үчүн 9-декабрда марафон өткөрөт.

Билдирүүгө караганда, иш-чарадан түшкөн каражат Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын «Мамлекеттик имараттар департаментине» 2018–жылдын 31–декабрына карата коммуналдык төлөмдөргө болгон 1 млн 457 миң 71 сомдук карызын төлөөгө сарпталат.

Мындан сырткары Жазуучулар союзунун материалдык жана техникалык базасын чыңдоо, улуттук адабиятты колдоо үчүн жумшалат.

«Улуттук жазуучулар союзунун марафонуна активдүү катышууга чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Жазуучулар союзу 1934-жылы түзүлүп, эгемендүүлүктөн кийин ага «Улуттук» статусу берилген.

Учурда Жазуучулар Союзунун 600дөй мүчөсү бар. Анда проза, поэзия, драма, котормо, улуттар адабияты, адабий сын, балдар адабияты, жаштар чыгармачылыгы боюнча секциялар иш алып барышат.