Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов. Сүрөт: Акипресс

Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Омар Султанов дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров 30-ноябрда кол койду.

60 жаштагы Омар Султанов 18-апрелде Ош облусунда туулган. Ал 1984-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Ал парламенттин экс-спикери, мурдагы каржы министри Марат Султановдун бир тууганы.

Омар Султанов 1998-1999-жылдары президенттик аппаратты, ага чейин Кыргызстандын Германиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн төрт жыл жетектеген. 1999-жылдан 2002-жылга чейин Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү болгон.

Мындан сырткары, ал 2002-2003-жылы тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеп, кийин бизнеске өткөн. 2022-жылдын май айында Женева шаарындагы БУУнун жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалган.