Июнь окуясы: Жапаров, Ташиев, Келдибеков жана Мамытов сотко чакырылат

Бүгүн, 1-декабрда, июнь окуясы боюнча сот отуруму өтүп жатат. Анда айыпталуучулардын бири Кеңешбек Дүйшөбаев сотто көрсөтмө берип, күбө катары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Ахматбек Келдибековду, Талант Мамытовду чакырууну суранды.

Сот анын өтүнүчүн канааттандырды.

Айыпталуучулардын бири Исмаил Исаков Кадыржан Батыровду күбө катары алып келүү талабын койду. Сот талапты четке какты.

Иликтөөнүн жанданышы

2021-жылдын 2-апрелинде президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине 2010-жылдагы июнь окуяларына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берген. Ал эми 16-апрелде УКМК «июнь коогалаңы» боюнча тергөө кайрадан жанданаарын кабарлаган.

Атайын кызматтан текшерүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине мыйзамсыз көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата да жүргүзүлөт деп билдиришкен.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык башаламандыктын келип чыгышына түрткү болгон себептер жана шарттар иликтенет, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине соңку юридикалык баа берилет», — деген атайын кызмат.

Муну менен бирге, «кайгылуу окуялардын алдын алуу» үчүн тийиштүү чара көрбөгөн облустук деңгээлдеги кызмат адамдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин иш-аракеттерине да баа берилери кошумчаланган.

Кадыржан Батыров — Жалал-Абаддык ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун мурдагы лидери катары белгилүү болгон. 2010-жылы ал өлкөдөн чыгып кеткен. Кыргызстан бийлиги Батыровду улуттар аралык араздашууну козуткан деп айыптаган.

Кийинчерээк, ал «куралданган козголоңчу» жана «улуттар аралык чыр-чатакты козуткан» деген айып менен сыртынан соттолгон. Анын мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Батыров 2018-жылы декабрь айында 62 жаш курагында Украинанын Одесса облусунда дүйнө салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иш: Убактылуу өкмөттүн беш мүчөсүнө айып тагылды