Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган чектөө 1-декабрга чейин узартылды

Биринчи май райондук соту шаардын борборунда митинг өткөрүүгө салынган чектөөнү 2022-жылдын 1-декабрына чейин узартты. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сот өзүнүн 1-сентябрдагы чечими менен Биринчи май райондук администрациясынын тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө салган чектөөсүн мыйзамдуу деп тапты. Ага ылайык, Орусиянын элчилигинин, Ала-Тоо аянтында, Президенттин администрациясынын, УКМКнын жана Жогорку Кеңештин имараттарынын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынган.

Соттон бул чектөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө тиешеси жоктугун белгилешти. Бишка митинг же акциялар Максим Горький атындагы паркта өтүшү керек.

Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө коюлган чектөөлөрдү буга чейин дагы мыйзамдуу деп тапкан. Акыркы жолу сот мындай чечимди апрель айында чыгарып, митингдерге 1-сентябрга чейин тыюу салган.

Митингдерге тыюу салынганына байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирүү жасап, соттун чечимин жөнсүз деп атаган. Ал бул чечим Конституцияга жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин белгилеген. Анын пикиринде, мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялайт.