«Аял, жашоо, эркиндик». Бишкекте гендердик зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү

3-декбарда Бишкек шаарында гендердик зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү. 40ка чукул киши «Россия» кинотеатрынан Революциянын каармандарына арналган эстеликке чейин жөө басып барышты.

Акциянын катышуучулары «Гендердик зомбулукка биз менен бирге каршы тур», «Ала качууну жашырсаң түрмөгө түшөсүң», «Сен аялсың, колуңан баары келет» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Жөө жүрүштү милиция кызматкерлери коштоп жүрдү. Алар алгач акциянын катышуучуларына жөө жүрүштүн талаптары менен митинг өткөрүү боюнча коюлган чектөөлөрдү окуп беришти.

Бишкектеги жөө жүрүш. Сүрөт: Kloop

Кыргызстанда 25-ноябрдан тартып аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга жана жоюуга чакырган «гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активизм» акциясы башталган.

16 күндүк кампания кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту жашырууну бузууга жана дискриминациянын бардык формаларын токтотуу үчүн жамааттык аракетти жандантууга багытталганы кабарланат.

Кыргызстан — Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 762 кылмыш ишин козгогон, ал жерде киши колдуу болгондор — аялдар. Мындай үрөй учурган адам өлтүрүү фактыларынын орточо он учурунун ичинен сегизи эркектер тарабынан жасалган.

Ал эми өлкөдө 2022-жылдын башынан бери он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапкан. Жалпысынан аталган аралыкта 8 440 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча:

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталды

Баткенде тургундар милиция менен бирге зомбулукка каршы акция өткөрдү

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү