Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталды

Кыргызстанда 25-ноябрдан тартып аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга жана жоюуга чакырган «гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активизм» акциясы башталды. Бул тууралуу «Сезим» кризистик борборунан билдиришти.

16 күндүк кампания кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту жашырууну бузууга жана дискриминациянын бардык формаларын токтотуу үчүн жамааттык аракетти жандантууга багытталганы кабарланат.

«Аялдар жана кыздар дүйнө жүзүндө жана үйүндө зордук-зомбулукка жана кордукка кабылууда. Бул адам укуктарын жүзөгө ашырууга жана туруктуу өнүгүү үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратып жатат», — деп белгилешти кризисттик борбордун өкүлдөрү.

Мындан улам «аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктарга байланыштуу кылмыштардын баары укук коргоо органдары тарабынан адекваттуу жана ыкчам түрдө иликтенүүсү зарыл болуп турат» деп белгилешти уюмдан. Ошондой эле алар, кенемте алууга жана чыгымдын ордун толтурууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо керектигин кошумчалашат.

«Эл аралык стандарттарга ылайык, тараптарды элдештирүү боюнча чаралар тийиштүү иликтөө жана сот адилеттигине жетүүнүн ордуна зордук-зомбулуктан жапа чеккендердин эркине каршы таңууланбашы керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Кризисттик борбордун маалыматына ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин жана коомдун калың катмарынын арасында гендердик зомбулуктун бардык формалары, анын ичинде үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулук кылмыштуу мүнөзгө ээ экенин түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана жарандык коомго мындай кылмыштарды кабыл албоодо колдоо көрсөтүү пландалып жатат.

«Балдарды, өспүрүмдөрдү, мигрант аялдарды, аялдарды, ВИЧ менен жашаган аялдарды, майып аялдарды жана башка аялуу топтогу аялдарды дискриминациядан, эксплуатациядан жана гендердик зомбулуктан коргоого өзгөчө көңүл бурулушу керек», — деп айтылат кайрылууда.

Кыргызстан — Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 762 кылмыш ишин козгогон, ал жерде киши колдуу болгондор — аялдар. Мындай үрөй учурган адам өлтүрүү фактыларынын орточо он учурунун ичинен сегизи эркектер тарабынан жасалган.

Көпчүлүк учурда Кыргызстанда аялдарды күйөөлөрү, жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөт, ал эми фемицид үй-бүлөлүк зомбулуктун түздөн-түз кесепети болуп эсептелет.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Дагы окуңуз: WPS индекси: Кыргызстан аялдар үчүн чөлкөмдөгү эң эле кооптуу өлкө