Баткенде тургундар милиция менен бирге зомбулукка каршы акция өткөрдү

Сүрөт: ИИМ

1-декабрда Баткен районунун Кызыл-Бел айылында «Зомбулуксуз жашоо» аталышындагы акция өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Акцияга жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары мугалимдер жана милиционерлер катышты. Зомбулуктун алдын алуу максатында ар түрдүү лозунгдар айтылып, катышуучулар жөө жүрүшкө чыгышты.

Андан соң милиция кызматкерлери зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталды

Сурабалдиева зомбулук учурлары көбөйгөндүктөн ЖКга укук коргоо органдарын чакырууну талап кылды

Ош: Зомбулуктун алдын алуу жана жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды