Салык кызматы «Кылым Шамы» уюмун «катардагы текшерүүдөн саясат жасабоого» чакырды

Ленин райондук салык кызматы «Кылым Шамы» укук короо уюмун салык мыйзамдарына ылайык текшерди. Бул тууралуу салык кызматы 3-декабрда билдирди.

Мекемеден уюм «бардык салык төлөөчү сыяктуу эле, мыйзамдагы жол-жоболорго жана тартиптерге ылайык салыктык текшерүүнүн объектиси боло алат» деп белгилешти.

«“Кылым Шамы” коммерциялык эмес уюм катары катталганына карабастан, экономикалык иш жүргүзөт. Бул каттоо карточкасы менен тастыкталат. Уюм бирдиктүү салык төлөөчү катары катталган, ошондой эле накталай эмес формада кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу үчүн, сатуудан алынуучу салык боюнча отчётторду берет. Мындан тышкары, салык декларациясында кызматтарды сатуудан түшкөн киреше, ошондой эле активдерди сатуудан түшкөн киреше көрсөтүлгөн. Ошентип, салыктык текшерүү жүргүзүүгө тиешелүү негиздер бар», — деп түшүндүрүштү мекемеден.

Салык кызматы текшерүүнүн жүрүшүндө уюмдун киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү документтер суралганан кошумчалады. Ал эми уюмдун өкүлдөрүнө тиешелүү жеке мүнөздөгү маалымат суралбаганын баса белгиледи.

Салык кызматы «Кылым Шамы» уюмуна кайрылып, «катардагы текшерүүдөн саясат жасабоого жана коомчулукту туура эмес маалыматтар менен адаштырбоого» чакырды.

«Негизсиз текшерүү»

2-декбарда «Кылым шамы» укук коргоо борборун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова салык кызматы эки күндөн бери уюмду «негизсиз» текшерип жатканын айтып чыккан.

Анын айтымында, салык кызматкерлери текшерүүнүн негизин «жогортон кызматтык тапшырма түшкөнү» менен түшүндүрүшкөн. Абдирасулова пландан тышкаркы текшерүүгө «кызматтык тапшырма мыйзамдуу негиз болуп саналбайт» деп белгилеген.

Укук коргоочу салык кызматы салыкка тиешеси жок маалыматтарды сурап жатканын белгилеп, «силерге эмне керек, чынын айткылачы» деп салык кызматына суроо салган.

Тема боюнча:

«Кылым шамы» укук коргоо борбору салык кызматы «негизсиз текшере баштаганын» айтты