«Кылым шамы» укук коргоо борбору салык кызматы «негизсиз текшере баштаганын» айтты

Салык кызматы «Кылым шамы» укук коргоо борборун эки күндөн бери «негизсиз» текшере баштады. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, салык кызматкерлери текшерүүнүн негизин «жогортон кызматтык тапшырма түшкөнү» менен түшүндүргөн. Абдирасулова пландан тышкаркы текшерүүгө «кызматтык тапшырма мыйзамдуу негиз болуп саналбайт» деп белгиледи.

«Чынында кандай негиз бар, балким менин үстүмөн арыз түшкөндүр же салыкты кымырып алганым тууралуу маалымат барбы” деп сурасам, “эч нерсе жок, жөн гана жогорудан тапшырма түштү” деп жооп беришти», — деди ал.

Абдирасулова Ленин райондук салык кызматына текшерүүнүн мыйзамдуулугун сурап билдирүү жөнөткөнүн айтты. Эгер 3-декабрга чейин жооп келбесе «текшерүүнү токтоттурууга аргасыз болорун» белгиледи.

Укук коргоочу салык кызматы салыкка тиешеси жок маалыматтарды сурап жатканын белгилеп, «силерге эмне керек, чынын айткылачы» деп суроо салды.

«Салык кызматына жабырлануучуну коргогон адвокаттар тууралуу маалыматтын эмне кереги бар? Эмнеге салык кызматы иштин маңызына кызыктар? Биз кыйноо, зордуктоо, куугунтук, мыйзамсыз камоого кабылгандарды коргойбуз. Ким зордуктаган, жабырлануучуну ким коргогон, ага канча төлөнгөнүнүн салык кызматына эмне кереги бар?» — деп кызыкты укук коргочу.

Министрликтин «Азаттыкты» текшерүүгө алышы

Буга чейин, 27-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөп, эртеси күнү Бишкектеги кеңсесине келип, медианын каттоо тууралуу документтерин текшерүүгө алган.

«Мындан тышкары 28-сентябрдан 28-октябрга чейинки "Азаттык Медиа" тарабынан даярдалган бардык ТВ жана радио материалдарды көчүрүп берүүбүздү талап кылды», — деп билдирди мекеменин жетекчиси Айзада Касмалиева.

Министрликтин буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгонун айтышкан.

Ошол эле учурда «Азаттыктан» айыптоону четке кагышып, «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп билдиришкен. Кийинчерээк басылманын банктык эсеби дагы бөгөттөлгөн.

Тема боюнча:

Маданият министрлиги «Азаттыктын» каттоо документтерин текшерүүгө алды