«29 миллион сом». Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги мыйзам бузууларды аныктады

Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигинен бир нече мыйзам бузууну аныктады. Анын кесепетинен мамлекетке 29 миллион 215 миң сом зыян келтирилген.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуунун 11 миллион сому эмгек акыларын негизсиз көтөрүүгө, 3,3 миллион сом дебитордук карызды жаап-жашырууга байланыштуу. Ал эми 1 миллион сом иш сапарларга ашыкча коротулган.

Ошондой эле министрлик 13 миллион сомдон ашык бюджеттик жоготууга учурап, 22 миллион 795 миң сомду негизсиз пайдаланылганы аныкталды.

Министрлик жалпы зыяндын 17 миллион 350 миң сомун калыбына келтирилүүгө тийиш. Азыр анын 875 миң сому гана мамлекетке өндүрүлдү.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги да Саламаттык сактоо министрлигинде мыйзам бузуулар бар экенин аныктады. Аткаминерлер коляскаларды түз эле сатып албастан, коммерциялык ортомчулар аркылуу бааларды көзөмөлдөбөй сатып алышкан. Натыйжада коляскалардын баасы 1 миллион 600 миң сомго кымбат алынган.

Мындан тышкары текшерүүгө баргандар майыптыгы бар жарандар үчүн санаторияга жолдомо алууга багытталган 35 миллион сом 2020-жылы алынган насыяны төлөөгө коротулганын аныкташты. Эспетөө палатасы бул акчага 2 529 ваучер сатып алуу мүмкүн экенин билдирди.

Башкармалык мыйзам бузуулар тууралуу маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Тема боюнча:

Алымкадыр Бейшеналивге козголгон кылмыш иштери кыскартылды