Алымкадыр Бейшеналивге козголгон кылмыш иштери кыскартылды

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштеринин бардыгы кыскартылды. Бул тууралуу маалыматты «Клооптун» журналистине адвокаты Кайсын Абакирова тастыктады.

Адвокаттын айтымында, кылмыш иштери августта эле кылмыштын курамы жоктугунан кыскартылган.Алымкадыр Бейшаналиев 2-июнда, саламаттык сактоо министри болуп турган кезинде кармалган. Башкы прокуратура ага каршы жети кылмыш ишин козгогон болчу.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Бейшеналиев кармалган күндүн эртеси, 3-июнда, президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министринин иши боюнча комиссия түзгөнүн билдирген. Өлкө башчысы комиссияны министрге кылмыш иши калыс козголгонбу-жокпу «өзү үчүн билип алуу» максатында түзгөнүн айткан.

«Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар», — деген ал.

Ошол эле кезде президент тергөөгө эч ким тоскоолдук кылбасын, комиссия ага материалдарды топтоп берерин белгилеген. Буга чейин Жапаров бир нече жолу Бейшеналиевди колдоп, ал «сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билген жетекчи» деп сыпаттаган.«Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — деген болчу президен апрелдин аягында.

4-июнда Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди тергөө аяктаганча кызматынан бошоткон.

16-июнда Биринчи май райондук соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарган. Ал эми 19-августта ал Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалган.