«Атасын эстеп ыйлашат». Абактагы Эрлан Бекчороевдин аялы эки кичинекей баласы менен жалгыз калды

Кемпир-Абад боюнча кармалган көз карандысыз журналист жана активист Эрлан Бекчороевдин жубайы Шаршегүл Аманова «Клоопко» күйөөсү кандай шартта кармалганын айтып берди. Ал жолдошунун абакта жатканын мыйзам бузуу катары баалады.

Аманованын айтымында, 23-октябрь күнү таңга маал милиция кызматкерлери алардын үйүн тинтип, курал-жарак издешкен. Бирок эч нерсе таба алышкан эмес.

«Үйдө балдар ойногон компьютер бар болчу. Ошону алып кетишти. Ошого көрсөтмө берет деген негизди Эрланды дагы алып кетишти», — деди активисттин жубайы.

Аманова жолдошу жарандык позициясын ачык айтканы үчүн ТИЗОго түштү деп эсептейт.

«Эрлан жарандык активист катары дайыма өз оюн ачык айтып келген. Жакында тажиктер кол салганда элим-жерим деп маалыматтык майданда дагы өзүнүн активдүүлүгүн көрсөттү. Ошол эле Кемпир-Абад боюнча дагы өз ачык жазып жаткан. Эрлан чындыгында эл үчүн, жер үчүн күйгөн патириот», — деди ал.

Бекчороевдин жубайы жолдошу үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу экенин айтты — экөөнүн бир жарым жашар уулу жана үч жаштагы кызы бар. Аманова азыр ага достору жана туугандары акчалай жардам көрсөтүп жатышканын билдирди.

«Акыркы жолу сотто бир аз убакыт сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Дароо эле балдарды сурады. Балдарыбыз азыр кичинекей. Кызыбыз азыр сүйлөп баштады. Эрлан ушуну көрбөй жатканы бир аз өкүндүрөт. Кызым атасына аябай жакын болчу. Төрөлгөндөн баштап эле атасы өзү карап [...]. “Атам каякта? Атама кеттик” дейт. Телефондон сүрөттөрүн көрүп калса ыйлап калат. Азыр Эрландын атын атабай калдык. Бала аябай сезгич келет эмеспи. Дароо токтоп калат», — деди ал.

Бекчороев — Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн октябрдын аягында кармалган 30га чукул активист жана саясатчылардын бири. Кармалгандардын көбү ТИЗОдо — алар «массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган делип айыпталышууда.