Баткен: Ак-Сай айылында социалдык шаарча курулуп, 10 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду

3-декабарда Баткен районунун Ак-Сай айылында социалдык шаарчанын ачылышы болуп, аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө пайдаланууга берилди. Курулган үйлөрдүн чыгымын Бириккен Араб Эмираттарынын Human Appiel International уюму көтөрдү.

Иш-чарага аталган уюмдун Кыргызстандагы бөлүмүнүн жетекчиси Али Айоуб, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жан тургундар катышты. Үйгө ээ болгондордун көпчүлүгү көп балалуу жалгыз бой аялдар.

Шаарчанын курулушу өткөн жылы башталып, быйыл бүткөрүлдү. Ал жерде жалпы 12 турак жай болсо, ар бири төрт бөлмөдөн турат. Шаарчанын айланасында ФАП, бала бакча, тигүүчү цех жана мечит бар. Эми шаарча таза суу менен камсыздалат.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Аримжан айылында 100 батирлүү 25 социалдык турак үй курулуп, муктаж үй-бүлөлөргө пайдаланууга берилген. Анын чыгымын «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси көтөргөн.

2019-жылы бирикме Баткен шаарына «Али Аль-Ганим» жана «Фаиза Аль-Харафи» атындагы социалдык шаарча куруп берген. Ал үчүн Баткен мэриясы үй курууга 3,5 гектар жер бөлүп берген. Турак үйлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген.