Ноокенде «Ас-Сафа борбору» жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча куруп берди

Сүрөт: Жалал-Абад облустук администрациясы

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Аримжан айылында муктаж үй-бүлөлөргө 100 батирлүү 25 социалдык турак үйдүн курулушу аяктап, 5-июнда пайдаланууга берилди.

Иш-чарага долбоорго демөөрчүлүк кылган «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана шаарчанын тургундары катышты.

Ири демилгенин алкагындагы шаарча коомдун аярлуу катмарындагы аз камсыз болгон жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн курулган.

Жергиликтүү бийлик социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкесин бөлүп берген. Ал эми үйлөр заманбап шарттар менен камсыз болгон.

Мындан сырткары шаарчага 100 орундуу тигүү ишканасы, нан бышыруучу цех, ФАП, мечит, дүкөн жана кичи футбол аянтчасы да курулган.

Кувейт өлкөсү тарабынан негизделген «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси аймакта биринчи эле жолу социалдык шаарча курган жок.

2019-жылы бирикме Баткен шаарына «Али Аль-Ганим» жана «Фаиза Аль-Харафи» атындагы социалдык шаарча куруп берген. Ал үчүн Баткен мэриясы үй курууга 3,5 гектар жер бөлүп берген. Турак үйлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген.