Өлкөдө «Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги жоюлат. Бул маалымат парламенттин тармактык комитетинин жыйынында белгилүү болду.
«“Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бюджеттен бир топ каражат сарпатап жоюлат. Жоопкерчиликти эч ким албайт», — деп жазды депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналында.
Жыйында холдингди жоюуга 700 млн сом талап кылынары да белгилүү болду. Бекешев Финансы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаевден бул акча так эмне үчүн керектелип жатканын, андан сырткары, ведомство холдинг үчүн каралган 3 млрд сомду бюджетке кайтарып береби деп сурады.
«Жалпысынан 2022-жылдын башынан бери биз “Улуу көчмөндөр мурасын” 3,4 млрд сомго капиталдаштырып жатабыз. Анын ичинен иш жүзүндө 100%ын бюджетке кайтарып жатабыз. Бирок 700 млн сомун холдингдин милдеттемелерин жабыш үчүн алып калып жатабыз. Бул салык органдарынын 600 млн сомго жакын дооматтары — холдинг өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө [кен] иштетүүлөр үчүн лицензияларды алган. Ошондой эле, Жаратылыш ресурстар министрлигин алдында 1,8 млн өлчөмүндө милдеттенмелери бар. Мындан башка айлык, ижара акы жана башка төлөмдөр боюнча — 20дан 30 млн сомго чейинки милдеттемелери бар», — деп жооп берди Бакетаев.
Анын айтымында, холдинг дал ошол Мамлекеттик салык кызматынын эсебине каражат которуу жана башка милдеттерди төлөө аркылуу ири сумманы өлкө бюджетине «кайтарып» жатат.
«Жалпысынан бүгүнкү күндө 700 млн сомдон аталган милдеттенмелер аркылуу 670-680 млн сому түшөт деп күтүлүп жатат», — деди ал.
Дастан Бекешев холдингди түзүү жана кайра жоюу үчүн ким жоопкерчилик аларын да сурады.
«Баары бир адам үчүн түзүлгөн да? Бизди, депутаттарды “силер качан мамлекетчил кадамдарды кыласыңар?” деп урушушат […] Алмаз Ахунжанович (президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү), буга ким жооп берет, айтыңызчы? […] 20 млн сомдой акча айлык акыга кетиптир, эми аягы эмне болду? Буга Акылбек Үсөнбекович (минкабдын төрагасы) жооп бербейт окшойт. Көрдүңөрбү, жооп бере турган эч ким жок», — деп ачууланды эл өкүлү.
Холдингдин капиталынын бюджетке кайтаруу
Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ноябрдын башында Жогорку Кеңештин жыйынында «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин капиталы республикалык бюджетке кайтарыларын айткан. Анын айтымында, холдингдин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк камакта болгондугуна байланыштуу долбоор андан ары өнүгүп кете албайт.
«Биз кендин баарын “Кумтөрдүн” мисалында өзүбүз өздөштүрөлү дегенбиз. “Улуу көчмөндөр мурасына” ондой лицензия берип, гелогиялык чалгындоо боюнча иш-чараларды аяктаганбыз, бизнес-долбоорлорду даярдап койгон элек, аларды инвесторлорго көрсөтөлү деп турганбыз. Бөлүнгөн акчалар ордунда турат. Биз аларды бюджетке кайтарып жатабыз. Биз Теңгиз Бөлтурүк [абактан] бошомоюн долбоор ордунан жылбасын түшүнүп турабыз», — деген Жапаров.
Ал холдингдин долбоорлорунун үстүндө 22 чет элдик адис иштегенин белгилеген.
Холдингдин ижарасы акысы айына 50 миң долларды түзгөн кеңсеси
«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги түзүлгөнү тууралуу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2021-жылдын 14-декабрында холдинг түзүү чечимине кол койгондо белгилүү болгон.
Анда Министрлер кабинетинен улуттук холдинг президент Садыр Жапаровдун кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө жарлыгынын негизинде түзүлгөн деп түшүндүрүшкөн. Холдинг Кыргызстандагы бардык стратегиялык кендерди бириктириши керек, аларды жергиликтүү мамлекеттик компаниялар гана иштетишет.
Депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин жыйынында улуттук холдинг кеңсе ижарасына айына 120 миң доллар төлөп жатканын айтып чыккан.
Депутаттын билдирүүсүнө улуттук холдингдин басма сөз кызматы жооп берген. Алардын айтымында, бул аргасыз чара болгон. Ошол кезде компания ижара акысын ачыктаган эмес, бирок бул кеңсенин пайдасына «ижара акысынын орточо рыноктук баасы менен шартталганын» белгилеп жана «компания эң төмөнкү баасын тандап алганын» белгилеген.
Мекемеден «жаңы кеңсеге көчүү бюджет түзүүчү ишкананын чыгымдарын аябай деле көбөйтпөйт, тескерисинче, натыйжалуулугу менен кайтарымдуулугун жакшыртат» деп ишендиришкен.
Султанбаевдин айтымында, «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жаңы кеңсеге көчүүсү боюнча чечимди Тенгиз Бөлтүрүк президент менен да, минкаб менен да макулдашкан эмес.