Депутат Токторбаев Теңгиз Бөлтүрүк айына 120 миң $га ижарага кеңсе алып иштетип жатканын айтты

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин башчысы, Кумтөр кенинин мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк калаанын борборунда жылына 120 млн сом төлөп холдинг үчүн кеңсени ижарага алат. Бул тууралуу 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Депутат парламенттин 15-июнда өткөн жыйынында дагы холдинг кымбат баада ижарага кеңсе алып иштеп жатканын айтып нааразылыгын билдирген.

Депутаттын билдирүүсүнө улуттук холдингдин басма сөз кызматы жооп берди. Алардын айтымында, бул аргасыз чара болгон. Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, имаратта улуттук холдингдин кызматкерлеринен тышкары, «Кумтөр Голд Компанин» (КГК) кызматкерлери дагы иштейт. Себеби холдинг КГКнын тышкы башкаруучусу болуп саналат.

«Кеңседен көчүү маселеси буга чейинки ижара ээси кошумча кеңсе аянттары менен камсыз кылып бере албагандыктан жана учурдагы убакытка жана компаниянын талаптарына ылайык кызмат көрсөтө албагандыктан келип чыккан. Жаңы кеңсе [...] КГКнын керектүү штатын жана холдингдин долбоорлорун жайгаштыра алат», — деп билдиришти холдингдин басма сөз кызматынан.

Алар 5 миң чарчы метр аянтты ээлеген кеңсе заманбап коопсуздук стандарттарына жооп берерин дагы кошумчалашты. Буга чейин Токторбаев кеңсенин аянты 1 600 чарчы метр экенин айткан болчу.

«Жаңы кеңсеге көчүү бюджет түзүүчү ишкананын чыгымдарын аябай деле көбөйтпөйт, тескерисинче, натыйжалуулугу менен кайтарымдуулугун жакшыртат», — деп ишендиришти улуттук холдингдин басма сөз кызматынан.

Улуттук холдингдин билдирүүсүнөн кийин Токторбаев ижаранын акысын өз алдынча санап чыгып, шаардын борборунда жайгашкан жаңы кеңсеге айына 120 миң доллар (10 млн сомдун тегерегинде), ал эми жылына — 120 млн сом төлөнөрүн айтты.

«Шаардын так борборунда 1 чарчы метр 20 доллар. Бир айына 100 миң доллар ижара төлөйт, 12% КНС (кошумча нарк салыгы) бар. 5 миң доллар комуналдык кызматтарга кетет. Ошондо, жалпысынан 120 миң доллар төлөп жатат арендага, сомго которгондо 10 миллион доллар төлөп атат. Айына 10 миллион, бир жылда 120 миллион сом», — деп нааразы болду депутат.

Ал бул каражат мамлекет үчүн ири чыгым экенин, холдинг үчүн башка деле бош аянттарды табууга болмоктугун белгиледи, мисалы, шаардын чет жакасында жайгашкан «Кыргызстелекомдун» мурдагы имараты.

«Элдин акчасын оңго-солго чачууга ким сизге укук берди? Сиз холдингди кыйратып, батышка качып кетесиз», — деп ачууланды депутат.

Бөлтүрүк, холдинг жана «Кумтөр»

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги түзүлгөнү тууралуу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2021-жылдын 14-декабрында холдинг түзүү чечимине кол койгондо белгилүү болгон. «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын негиздөөчүсү — Каржы министрлиги.Анда Министрлер кабинетинен улуттук холдинг президент Садыр Жапаровдун кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө жарлыгынын негизинде түзүлгөн деп түшүндүрүшкөн. Холдинг Кыргызстандагы бардык стратегиялык кендерди бириктириши керек, аларды жергиликтүү мамлекеттик компаниялар гана иштетишет.

Теңгиз Бөлтүрүк — «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин башчысы, Кумтөр кенинин мурдагы тышкы башкаруучусу жана Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү.

Материалдын авторлору: Аделя Именова, Жаркынай Жээналиева.