«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк ТИЗОго киргизилди

«Кумтөр голд компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Маалыматты «Клоопко» Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, Бишкектин Октябрь райондук сотунун 15-сентябрдагы чечимине ылайык, Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин камакта болот.

Тенгиз Бөлтүрүк 15-сентябрда сот залында. Сүрөт: Айбек Бийбосунов / «Азаттык».

Бөлтүрүк өзү 15-сентябрда сот залында Башкы прокуратура ага карата козгогон кылмыш ишин «толук абсурд» деп атады. Ал кол астындагылардын баарына жооп бере албай турганын айтты.

«Мен макул эмесмин, бардык айыптар жалган, акылга сыйгыс. Мен эки ири компаниянын менеджери болгом, ошондой эле юридикалык маселелерди да чечип жүргөм. Менде жумушум көп эле, бардык процессти көзөмөлдөгөнгө үлгүрө албадым. Менин кол астымда көп адам иштеди. Алардын айрымдары чын эле коррупциялык схемаларга аралашкан, алардын кээ бирлери өлкөдөн чыгып кетти. Мага айып жок жерден эле коюлуп жатат. Мени эмне үчүн айыптап жатканын өзүм да түшүнбөйм. Мен өлкө үчүн колумдан келгендин баарын жасадым, ак иштедим. Мен бир гана маянага иштедим. Башка эч кандай "пара" алган жокмун. Ошол үчүн бул кырдаалда нес болуп калдым. Мен тазамын», — деп жазы анын айткандарын «Азаттык».

Бөлтүрүктүн кармалышы

13-сентябрь күнү Башкы прокуратура Кумтөр кенин ишткеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлады. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган. Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспека Токтогулов дагы кармалган. Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган. Анда Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп дайындалган.

Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кенди көзөмөлдөөнү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калган. Ал бул кызматка 14-февралда келген.

25-августта минкаб кендеги тышкы башкарууну жойгон. «Кумтор Голд Компаниге» жаңы президент — Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыгынын төрагасы кызматына Болотбек Идирисов дайындалган. Барктабасов бул кызматка дайындалганга чейин «Кумтөрдүн» техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси болгону, ал эми Идирисов компаниянын башкы менежери болгону белгилү