Кыргызстандык Айнура Сагын дүйнөнүн шыктандырган жана таасирдүү 100 аялынын тизмесине кирди

BBC басылмасы 2022-жылга кара дүйнө жүзүндөгү шыктандырган жана таасирдүү 100 аялдын тизмесин жарыялады. Ага кыргызстандык Айнура Сагын да кирген.

Ал Tazar стартапынын негиздөөчүсү жана директору. Tazar — Бишкектин картасында пластик, айнек, кагаз, темир, техника жана кийим-кечектерди кабыл алуу пункттарын бириктирген акысыз сервис. Tazar кайра иштетүүгө жарактуу материалдарды өткөрүүнү системалаштыруу аркылуу таштанды полигондоруна ыргытылуучу таштандылардын көлөмүн азайтууну көздөйт.

Стартаптын максаты — Борбор Азияда айлана-чөйрөнүн булганышына байланышкан көйгөйдү чечүү эсептелет.

Мындан тышкары, Айнура Сагын утур-утур семинарларды өткөрүп турат. Ал өткөргөн семинарларда Кыргызстандын булуң-бурчунда окуган окуучу кыздар програмисттик кесиптин негиздерин үйрөнүшкөн.

«Климаттык көйгөйлөрдү аялдардын катышуусу жана лидерлиги жок чечүү оңой эмес. Планетанын туруктуу өнүгүү жана гендердик теңсиздик маселелери чечимлиши керек», — деп жазат BBC.Буга чейин Айнура Сагын өзү Aurora Tech Award’го курган маегинде таштанды маселесин экологиялык таза жүрүм-турумга үйрөтүү аркылуу чече аларын айткан.

Башкы сүрөт: Aurora Tech Award.