Өкмөт башчы Баткенди калыбына келтирүү боюнча мамкоммисиянын мүчөлөрүнө сөгүш жарыялады

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Баткенди калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө эскертүү берип, айрымдарына сөгүш жарыялады. Бул «Баткен облусун калыбына келтирүү жана калкка колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн» деп айтылды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматынан кабарлашты, бирок ким тууралуу сөз болуп жатканын такташкан жок.

8-декабрда Жапаровдун төрагалык кылган Мамлекеттик комиссиянын отуруму болуп өттү. Минкабдын билдиришинче, Баткендеги үйлөрүнө дагы 3 942 киши кайта элек, алардын ичинен 3 781 жаран башка бирөөнүн үйлөрүндө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап жатышат.

«Бул жарандар тиешелүү колдоого муктаж экенин эстен чыгарбоо керек, андыктан азыр борбордо, Чүй облусунда жана Ошто убактылуу жүргөн ар бир адам тууралуу маалыматты тактап, зарыл болгон учурда аларга жардам көрсөтүү керек. Толугу менен күйүп кеткен, оңдоого муктаж үй ээлерине 149,6 млн сом компенсация төлөп бердик. Негизги маселе – 420 үйдүн курулушу, анын ар биринин баасы 3,3 млн сомду түзөт», — деди Жапаров отурумда.

Ошондой эле өкмөт башчы Мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрүн чек арадагы кагылышта талкаланган объекттерди калыбына келтирүү боюнча курулуш иштерин тездетүүгө чакырды.

Капчыгай айылындагы талкаланган үйлөр. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Клооп.

«Бишкек шаарында 3 кабаттуу мектептер 3-4 айда курулуп бүттү. Жакында үчүнчү ай болот, ал эми үйлөр бүткөрүлө элек. Иштерди тездетүү керек. [...] Тиешелүү органдар “уктап” жатса, министрлер Баткенге барып, жаңы жылга чейин иш алып барып, ушул маселелердин баарын чечип беришет», — деди ал.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Баткенди калыбына келтирүүнүн жай темпи

Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и ремонтко муктаж. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 197 турак-жай, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.

22-сентябрда президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган.

Бирок баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин жана убада кылынган эч бир финансылык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болушкан. Муну минкабдын төрагасы да моюндаган.

Парламенттин 19-октябрдагы отурумунда минкабдын төрагасы Жаңы жылга чейин бардык иштерди аяктоого аракет кылышарын, ал үчүн курулушчулар 2-3 смен менен иштешээрин убадалаган.

Бирок парламенттин 8-декабрдагы отурумунда депутат Жанар Акаев Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө тартылган курулушчулар бул ишке бөлүнгөн каражаттын жадагалса жарымын да албаганын айткан. Мурдараак Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн 6 миллиарддан 8,5 млрд сомго чейин каражат бөлүнгөнү маалымдалган.

Өкмөт башчы депутат Акаевге курулушту Мамлекеттик курулуш департаменти көзөмөлдөп жатканын, калыбына келтирүүгө 1 млрд сом бөлүнгөнүн айтып жооп берген.

«Дагы керек болсо бөлүп берүүгө даярбыз», — деп белгилеген Жапаров.

Анын айтымында, 20-22-декабрда 150 үй курулуп бүтүп, үй-бүлөлөргө тапшырылышы керек. Жапаров калган үйлөр бүтүшүнө жараша пайдаланууга берилерин кошумчалаган.