Кыргызстан менен Орусия биргелешип темир жол курат. Өлкөлөр меморандумга кол койду

9-декабрда Бишкектеги инвестициялык саммитте Кыргызстан менен Орусия Балыкчы– Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу боюнча долбоорду биргеликте ишке ашыруу боюнча Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын сайтында кабарланат.

Документке «Кыргыз темир жолу» менен «Орусиянын экспорт борбору» жана «РЖД Интернешнл» кол койду.

«РЖД Интернешнл» ЖЧК — темир жол куруу жана технология багытында кызмат көрсөтүүнүн топтомун сунуштайт, ал долбоорлоодон баштап, долбоордун андан ары иштешине чейин «толук даяр» кылат.

«Орусиянын экспорт борбору» АК — бул орусиялык экспортчуларга каржылык жана каржылык эмес колдоонун кеңири спектрин камсыз кылуучу компаниялардын тобун консолидациялоочу, товардык эмес экспортту колдогон мамлекеттик институт.

« Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы – узундугу 63 км болгон «Балыкчы — Кочкор» темир жолунун участогун куруу саналат. 2022-жылга 5 чакырым темир жолдун курулушу пландалып, учурда жумуштун 90%ы бүттү. Курулуш “Кыргыз темир жолу”ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Алардын маалыматына ылайык, стратегиялык долбоор жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалын түптөйт, Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Келечекте темир жол Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан багыты боюнча пландалган темир жол менен байланыша алат.

«Бул Борбордук Азия аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргызстандын аймагында бирдиктүү темир жол тармагын түзөт, өлкөнүн темир жол потенциалын толук ачууга олуттуу кадам болууга мүмкүндүк берет берет», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.