Соцтүйүндө Жапаровдун таманы кызыл туфлиси талкууда — буга окшош бут кийим 1000 доллар турат

Соцтүйүндүн колдонуучулары Кыргызстанда өтүп жаткан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин саммитине келген президенттерди тосуп чыккан Садыр Жапаровдун бут кийимине көңүл бурушту.

Кадрда Жапаровдун туфлисинин таманы кызыл экени байкалат. Ал франциялык Christian Louboutin брендинин туфлиси болушу мүмкүн. Бренддин сайтында президенттикине окшош моделдеги туфли 945 доллар (Улуттук банктын курсу менен алганда 80 миң сомдон ашыгыраак) тураары айтылат. Ошого эле окшош башка туфлилердин баасы Москва ЦУМунда 72 150 рублдан ( 98 миң сомдон жогору) сатылат.

Садыр Жапаровдун кийимдери биринчи жолу эле талкууга алынып жаткан жок. Президенттин жаңы курткасынын баасын билүү соцтүйүндүн колдонуучулары жана журналисттер үчүн салтка айланып бараткандай.

Ошентип, Жапаров буга чейин эл алдына 400 миң сомдук кардиган кийип, италиялык Stefano Ricci’нин жарым миллион жана Loro Piana брендеринин 1,2 млн сомдук курткалары, ошондой эле 98 миңдик лыжа костюму менен чыккан.

Материалдын авторлошу— Зулайка Эркимбаева.