«Жооп бере турган киши олтурат». Жапаров «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин жоюулушу тууралуу

Министрлер кабинентинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 8-декабрдагы жыйынында «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин жоюлушу боюнча комментарий берди. Ликвидацияга 700 млн сом сарпталат.

Депутат Жанар Акаев Жапаровго Улуттук холдингдин чыгымдары үчүн ким жоопкерчиликти аларын сурады.

«Жооп бере турган киши отурбайбы (минкаб төрагасы улуттук холдингдин камактагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк тууралуу сөз кылган болушу мүмкүн) эгер күнөөлүү болсо, сот күнөөсүн далилдейт, эгер жок болсо ал дагы далилденет», — деп жооп берди минкабдын башчысы.

Теңгиз Бөлтүрүк сот залында, 15-сентябрь. Сүрөт: Айбек Бийбосунов/«Азаттык».

Жапаров «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин жоюу үчүн керек болуп жаткан 700 млн сомдун көпчүлүк бөлүгү бюджетке эле кайтарыларын белгиледи.

Акаев ага жооп кылып «Улуу көчмөндөр мурасы» өздөрүнө буйрутма менен Италиядан эмерек алдырып, артистерди каржылап, театр курууну пландаганын эске салды. Ал улуттук холдинг «аябай көп каражатты коротуп үлгүргөнүн» белгиледи.

«Эмеректердин алкагында кылмыш иши козголуп, ошонун үстүндө суроо талаптар жүрүп жатат. Ал эми театр курууга бизнес долбоорун бекиткен эмеспиз. [Улуттук холдингдин] бизнес долбоорлорунун көпчүлүгү кен иштетүүнүн тегерегинде болгон», — деди Жапаров.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги түзүлгөнү тууралуу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2021-жылдын 14-декабрында холдинг түзүү чечимине кол койгондо белгилүү болгон.

Улуттук холдингдин негизги максаты — бул эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен, жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү экени белгиленген. Бирок бир жыл өтпөй улуттук холдинг жабылып отурат.

25-ноябрда минкабдын башчысы 3,5 млрд сом өлчөмүндөгү «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин капиталы республикалык бюджетке кайтарыларын айткан. Анын айтымында, холдингдин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк камакта болгондугуна байланыштуу долбоор андан ары өнүгүп кете албайт.

Тенгиз Бөлтүрүктү Башкы прокуратура 13-сентябрь күнү кармаган. Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

5-декабрда «Улуттук көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги жоюлуп жатканы тууралуу белгилүү болгон.