Бельгиядагы элчи Айдит Эркин Европа биримдигине да туруктуу өкүл болуп дайындалды

Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин ишин айкалыштыруу менен Европа биримдигине туруктуу өкүл болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 9-декабрда кол койду.

Ал үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Кыргызстандын Бельгиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Айдит Эркин деген ким?

50 жаштагы Айдит Эркин 2-мартта Каракол шаарында туулган. Ал 1999-жылы Бишкектеги Эл аралык университеттин Дипломатия жана эл аралык укук бөлүмүн аяктаган.

Айдит Эркин 1999-2003-жылдары Тышкы иштер министрлигиндеги бир катар бөлүмдөрүндө иштеген. 1998-жылы Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинде иш тажрыйбасын арттырган.

2003-2006-жылдары ал БУУнун Женевадагы бөлүмүндө жана башка эл аралык уюмунда Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы, кийин Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болгон.

Эркин 2006-2012-жылдар аралыгында ТИМдин консулдук кызмат департаментинде жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2013-2015-жылдары ал кайрадан БУУнун Женевадагы кеңсесинде иштеп, экинчи ирет Швейцарияга элчи болгон.

Ошондой эле ал 2015-2017-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде кеңешчи болуп иштеген. 2017-2018-жылдары ТИМде эл аралык-укуктук департаментинин директорлук кызматын аркалап, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.

Ал 2020-жылдагы өлкөдөгү башаламандыктан кийин Кыргызстандын Орусиядагы элчисине кеңешчи болуп кеткен.