Ош: Тумандан улам аэропорттогу каттамдар токтотулганда балет артисти жүргүнчүлөргө бийлеп берди

9-декабрда Ош эл аралык аэропортунда туманга байланыштуу каттамдар убактылуу токтотулган учурда Опера жана балет театрынын артисти Тилек Кийизбаев «Кечки Бишкек» ырынын коштоосунда жүргүнчүлөрдүн алдында бийлеп берди.

«Кечки Ош болуп калды. Каттам кечигип жатат, мен болсо бүгүн кечинде боло турчу концертке кечигип калышым мүмкүн. Бирок бийлеп жатам», — деп жазган Кийизбаев өзүнүн соцтүйүндөгү барагына.

Анын аэропортто бийлегенин соцтармактын көпчүлүк колдонуучулары жылуу кабыл алды. Алар бийчи жарыялаган видеого «Биздин талант», «Баракелде» деген пикирлерди жазышкан.

Быйыл июль айында селдин кесепетинен Боом капчыгайындагы жол убактылуу жабылганда президенттин «Манас» камералык оркестринин музыканттары капчыгайынын кире беришине концерт уюштурушкан.

Музыканттардын узун кезекте турган жүргүнчүлөргө концерт уюштуруп жаткан видеосун оркестрдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижер Эрнис Асаналиев жарыялаган.

Тема боюнча:

Видео: Музыканттар Боом капчыгайында кезекте турган жүргүнчүлөргө концерт уюштурушту