Видео: Музыканттар Боом капчыгайында кезекте турган жүргүнчүлөргө концерт уюштурушту

30-июлда президенттин «Манас» камералык оркестринин музыканттары Боом капчыгайынын кире беришине концерт уюштурушту. Селдин кесепетинен капчыгайдагы унаа жол убактылуу жабык турган.

Музыканттардун узун кезекте турган жүргүнчүлөргө концерт уюштуруп жаткан видеосун оркестрдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижер Эрнис Асаналиев жарыялады.

Видеодон музыканттар италиялык композитор Антонио Вивальдинин «Жыл мезгилдери» деп аталган классикалык музыкасын ойноп жатканын, ал эми жүргүнчүлөрдүн кол чаап коштогонун көрүүгө болот.

30-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында сел жүрүп, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымы убактылуу жабылган.

Эртеси күнү, 31-июлда тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол бир тараптуу ачылган. Учурда унаалар кезек-кезеги менен өткөрүлүүдө. Жеринде ӨКМдин куткаруучулары жана Балыкчы шаардык Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.