Ысык-Көл: Касапчылар айыл чарба министри кысым көрсөтүп жатканын айтышууда. Министрлик эмне дейт?

Ысык-Көл облусунагы касапчылар айыл чарба министри аларга кысым көрсөтүп жатканын айтып, нааразы болушууда. Алар бул боюнча 10-декабрда президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасашты.

Касапчылардын айымында, министр жиберген ветеринардык инспекциянын кызматкерлери аларды кайра-кайра текшерип, иштерине тоскоолдук кылышууда.

«Министрибиз “тиги жарабайт, бул жарабайт” деп эле бизди кысып, Каракол шаарынын касапчыларын кыйнап, эзип бүттү. Өзү “Рейна Кэш” деп миллиондогон криттер алып [эт комбинат ачып], биз барсак бизге бербей койгон. Өзүнүн цехин салып атып, кызмат абалынан пайдаланып “ар кайсы кызматты тиги стандартка, бул стандартка” деп текшертип, Кргызстанда мындан башка маселе жок калгансып, Бишкектен ветеринардык инспекцияны кайра-кайра жиберип [жатат].Өзүнүн эт комбинантын, “Рейна Кэшин” иштете албай, эси ооп, эми акыры келип, биздин мал сойгон цехтерибизди жаап атат», — деди касапчылардын бири.

Нааразы болгон ишкерлер бул маселе боюнча шаардык мэрия жана облус жетекчилери менен жолугушуу өткөргөнүн айтып, бирок алар маселени «чечип бере алышпаганын» белгилешти.

«Өткөндө вице мэрге кайрылганбыз. Бүгүн губернаторго келсек жок экен, орун басары кабыл алды. Бирок ал деле биздин маселени чече алчудай эмес экен. Биз кылмыш кылып, элдин малын уурдап же элди уулу заттар менен ууландырып жаткансып, бары эле “талапка жооп бербейт” деген сөздү үйрөнүп алышып, тоскоолдук кылып жатат», — деди нааразы болгон ишкер.

Ал эми Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы мал союу менен алектенген ишкерлердин айыптоолорун четке какты. Министрликтен «Клоопко» касапчылар «ооруган жана өлгөн малдарды союп жатышканын» айтышты.

«Талапка, стандартка жооп бербеген, өлгөн, ооруган малдарды сойгон сиздин касапканаңызды жаап салышса. Элди адаштыруунун эмне кереги бар?» — деп белгилешти министрликтен.