Айдоочу, иниси жана досу». «Азаттыктын» парламенттеги «көмүскө кардиналдар» тууралуу иликтөөсү

«Азаттыктын» журналисттери парламенттеги «көмүскө кардиналдар» жана алардын Алмазбек Атамбаевге, Сооронбай Жээнбековго жана Садыр Жапаровго таасири тууралуу иликтөө жарыялашты.

Атамбаев: Икрам Илмиянов жана Фарид Ниязов

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган тушта администрациясын Фарид Ниязов жетектеген, ал эми мурдагы айдоочусу Икрам Илмиянов расмий түрдө Атамбаевдин кеңешчиси болгон. Бирок экс-депутат Ырыскелди Момбеков «Азаттыкка» Илмияновдун таасири Ниязовдукунан да көбүрөөк болгонун айтып берди.

«Ал тургай, мына бир [окуяны] айтайын: бир жолу ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кабинетине барып калдык. Парламенттеги бир иштерди макулдашып, муну күн тартибине чыгарыш керек, бизге каршы болуп атат деп айттык. Өкмөт башчы, Сооронбай Жээнбеков телевизордун үнүн бийик чыгарып, өзүнүн кабинетинде кадимкидей эле “шоопурдан уруксат алдыңарбы?” [деп] [колун жаңсап көрсөттү]. Кабинетинде туруп атын айта албай коркчу», — деп айтып берди Момбеков.

Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Илмиянов бардык кызматтарынан кол жууп, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу иштери боюнча издөө жарыяланган. Ал жети жылга колонияга кесилип, кийин мунапыс менен мөөнөтү беш жылга кыскартылган.

Фарид Ниязов учурда Атамбаев менен бирге кой-таш иши боюнча сурак берип жатат. Ошондой эле ал 2020-жылдын октябрындагы башаламандыктарды уюштурууга, «Сапат» мектебинин жетекчиси Орхан Инандыга мыйзамсыз паспорт берүүгө айыпталууда.

Жээнбеков: Асылбек Жээнбеков

Депутат Жанар Акаев Сооронбай Жээнбековдун тушунда баары президенттин иниси жана эл өкүлү Асылбек Жээнбековдун кабинети жайгашкан «үчүнчү кабатка чуркап калышканын» эстеп айтып берди.

«Асылбек Жээнбековдун кабинети 325 беле, мен көп кирген эмесмин ал жакка. Тергеп коюшчу депутаттар: “325ке кирип чыктыңбы?” деп. Ошол эле Икрам Илмияновго же Асылбек Жээнбековго кирип, жарым саат отуруп калгандар “кирип сүйлөшүп чыктым, чогуу бул жакка бардым, чогуу тамактандым” деп керек болсо, мактанып жүргөндөр көп эле болгон», — деп айтып берди Акаев.

325-кабинет атайын Жээнбеков үчүн жасалган — ал жерде үч иш бөлмө бириктирилген.

Жапаров: президенттин администрациясы жана УКМК

Садыр Жапаров президенттикке келгенден бери парламенттин ролу алсырады. Жанар Акаев азыр аларга президенттин администрациясы менен УКМКдан буйруктар «“жогору жактан” түшөрүн» айтат.

Анын айтымында, депутаттар Чыңгыз Айдарбековду парламенттин профилдик комитетинин төрагалыгынан кетиши үчүн өз ыктыяры менен добуш беришмек эмес. Эл өкүлү «мындай тапшырма “жогору жактан” келгенин» белгиледи.

«… Фракция лидерлерине [телефон] чалып, “жогору жактан ушундай тапшырма түштү, Айдарбековду жок кылгыла, кызматынан аласыңар, биз өзүбүз карап отурабыз” дейт [...] Эгерде чын эле депутаттардын өзүнүн оюна коюп койсо, мисалы, кечээки Кемпир-Абад сыяктуу маселелер болобу, өтпөйт», — деди Акаев.