Улуттук энергохолдинг: Электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти

Быйыл өлкөдө электр энергиясын колдонуу эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу 12-декабрда «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын төрагасы Талайбек Байгазиев маалымдады.

«Былтыркы кышта калкыбыз бул кезде суткасына 55 млн кВт/саат алган болсо, быйыл суткасына 70 млн кВт/саатка чейин жетти. Былтыркыга караганда 15 млн кВт/саатка көп колдонуулууда», — деп билдирди Байгазиев.

Аны менен катар ал, кечки маал электр энергияны колдонуунун эң жогорку көрсөткүчү 3 миң 3 жүз мегаватт болуп жатканын, ал эми былтыр ушул маалда 3 миңден ашпаганын кошумчалады. Ал мунун себебин кыштын оор болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Ошондой эле төрага Токтогул ГЭСи кадимки тартипте иштеп жатканын белгиледи. Анын айтымында, быйыл суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,1 млрд куб метр түзүүдө, бул былтыркыдан 1,4 млрд кубга жогору.

«Улуттук энергохолдинг» быйыл кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга, жүктөм көп болгон учурда электр энергиясын көп талап кылган жабдыктарды өчүрүп, жылытуунун альтернативдүү түрлөрүн колдонууга чакырган.

Компания мындай чакырык менен биринчи жылы эле чыгып жаткан жок, ал электр жарыгын үнөмдүү пайдалануу боюнча жыл башында эле өтүнгөн.

Буга чейин Кыргызстанда электр жарыгы жетишсиз болуп, 2022-жылдын соңунда жарык маал-маалы менен өчүрүлө турганы айтылган.

Бирок бийлик электр жарыгын импорттоонун көлөмү өскөндүктөн, өчүрүүлөр болбойт деп ишендирүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Улуттук энергохолдинг өлкө боюнча жарык өчүрүүнүн себебин айтты